Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн, белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жанрындагы ыр жаздырды. Аталган ыр социалдык тармактарга тарады.
Белгилүү төкмө акындын эстрада жанрында да "катыра" ырдаганы көпчүлүктүн купулуна толгонсуйт. Анткени ыр мыкты жазылганын интернет колдонуучулары белгилеп, көптөгөн билдирүүлөрдү жазышкан.
Ыр "Байтору" деп аталган, ырда күлүк аттар тууралуу ырдалып алардын асылдыгы даңкталган.
Комузда кол ойнотуп, куюлуштура төккөн акын буга чейин "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертинде аккордеондун коштоосунда ырдап да күйөрмандарынын черин жазганы маалым.