Бүгүн, 18-сентябрда саясатчы Адахан Мадумаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат жыйын берүүдө. Ал мындай кырдаалга жеткирбөөгө мүмкүн эле, эми бул кырдаалдан кантип чыкса болот деген маселелердин тегерегинде сөз болорун айтты. Маалымат жыйын журналисттердин суроолору менен башталды.
Адегенде Мадумаров Баткендеги чек арадагы абал, Бишкекке келген жергиликтүү кеңештин депутаттарынын суракка алынышы боюнча айтты. Анын пикиринде, атайын көйгөйдү ачыктап, жол арытып келген жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирүү керек болчу.
"Бийлик ким коңгуроо какса, аны суракка алганды адатка айлантып алды. Бул алсыздык. Антип элдин оозун жабуу туура эмес. Тескерисинче ошол жерде, чек арада жашагандарга, ал жактагы маселелерди айтып келгендерге ыраазы болушубуз керек", - деди ал.
Буга чейин Баткенден келген жергиликтүү кеңештин депутаттары ИИМде сурак берген.