Акыйкатчы Токон Мамытов: "Жогорку Кеңешке берген эки отчётум тең меники эмес"

Акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 20-сентябрда маалымат жыйын учурунда эмне себептен Жогорку Кеңешке 2018-жылдын отчётун 2019-жылдын этегинде бергендиги тууралуу айтып берди.

"Жогорку Кеңешке берген эки отчётум тең менин отчётум эмес. Мурдагы акыйкатчынын отчёту. Бирок коллектив иштеди да, меники эмес деп жатып алган дагы болбойт", - деди ал.

Ошондой эле Токон Мамытов коомчулукта анын күч органдарында эмгектенип, Акыйкатчы кызматын аркалап жаткандыгы тууралуу сындарга да жооп берди.

"Эми менин эмне себептен атайын кызматтарда иштеп, анан акыйкатчы болгондугум жөнүндө көп эле сындар айтылып келет. Мисалы, башка мамлекеттерде бул кадимки эле көрүнүш юристтер, мурдагы соттор акыйкатчынын кызматында иштеп келе жатышат. Мен ошол Мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштегениме, Москвадан ошол билимди алганыма сыймыктанам", - деди Мамытов.

Токон Мамытов Акыйкатчы институтунун башчылыгына өткөн жылдын сентябрь айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
talant87
2019-09-20 14:46:08
Ошол себеп онугуу жок акчаны алмай бул жакта укук тебеленип жатат канча адамдар чындык деп менин очотум эмес дегенин анда бошотун таксыр
0
JaneEr
2019-09-20 16:33:16
Жоголчу нары.Чык эшикке.Бок жеп журосунбу озун отчет жазалбасан акмак.
0
Mister-X
2019-09-20 16:39:00
Пенсияга чыгып эс алып жатпайсынбы эми.Жаштарга бер орунду, жаштар иштесин.
0
isarti
2019-09-20 18:05:02
Токтокучук картайыптыр. Чарчагыдай деле болуп.
0
Altysha.93
2019-09-21 04:06:52
Ушул адам эч бир жарытылуу кылган иши жок, бирок эмнегедир чон кызматтан такыр кетпейт.Картайганда жармашпай кетпейби жаштарга орун бошотуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан