Сокулукта өз атасынан төрөдү делген 14 жаштагы кыз окуусун улантууда. Маалыматты кыз окуган мектептен ырасташты.
Мугалимдердин айтымында, кыз сабакка келе баштады. Ал быйыл 9-класста окуп жатат.
"Кыз окууга келип жатат. Башында башка мектепке кетет деген сөздөр болгон, бирок сот ага карата башка жакка кетпөө чечимин чыгаргандыктан, өзү окуган мектепте эле окуп жатат. Бүгүн, 20-сентябрда тергөө ишине аны чакыргандыктан, сабакка келген жок", - деди мугалим.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын август айында Сокулук районунун опер кызматкери “жергиликтүү тургун өзүнүн кызын күч колдонуп зордуктап, ал төрөгөн” деген маалымат менен кайрылган. Бул окуя боюнча тергөө иштеринин негизинде кыздын 2005-жылы туулганы, ал эми атасынын 1966-жылы туулгандыгы анык болгон. Азыркы учурда кыздын атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми төрөлгөн бала башка адамдарга берилип кеткен, алардын дагы аты-жөнү такталууда.