Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 20-сентябрда кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта финалдык беттеш өттү. Анда Айсулуу Тыныбекова болгариялык балбан менен кез келди.
Тыныбекова атаандашын 5:3 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону аталды.
Бул Кыргыз спортунун тарыхындагы кыз келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы алтын медаль.