Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова: "Бул биздин жалпы жеңиш!"

Айсулуу Тыныбекова бүгүн, Нур-Султан шаарында өтүп жаткан кыз келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Ал жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

- Бул алтын медалды мекениме арнайм. Алтын медалды жеңүүгө он жылдык эмгек сарпталды. Бүгүнкү финалды аябай күткөм, анткени Юсейнге 2013-жылы утулуп калгам. Финалга жетүү үчүн беттештер оңойго турган жок. Мен болгон күчүмдү жумшадым. Бул бир гана менин алтын медалым эмес, бардык команданыкы.

- Финалды жеңүү канчалык оор болду?

- Эң башкысы өзүңө болгон ишеним керек. Биз 10 жыл даярдандык. Мен билгем, чемпион болорумду. Бул жол татаал болорун да билгем. Машыгууларда болгон күчүмдү жумшап, өлгөнгө чейин даяр болуп калат элем. Эми башкы максат - Олимпиада оюндары.

- Жеңишиңди кимге арнайсың?

- Жеңишимди бардыгына арнайм. Менин командама, машыктыруучуларыма, дарыгерлерибизге, күйөрмандарга, туугандарыма жана албетте, мекениме! Бул биздин жалпы жеңиш!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
karona12
2019-09-20 19:46:16
Дуйно чемпиону деген эмне? олимпиада деген эмне эч тушунбойм.дуйнонун чемпиону болсо бутту да дагы не керек? тушудуруп койгулаачы
-1
Aimani
2019-09-20 23:47:32
karona12,олимпиада төрт жылда бир өтөт. Ага дүйнөнүн эң мыкты спортчулары даярданышат. Дуйно чемпиондору олимпиада оюндарын жеңүүгө аракеттенишет. Олимпиада бийик турат
+5
karona12
2019-09-21 14:13:44
Aimani,Рахмат ошондо дуйно чемпионунда женгендер менен эле кацра олимпиадада курошобу?
0
Kultegin
2019-09-20 19:48:15
Азаматсын. Жеништин даамы ушунчалык татту, мээнети оор. Козумо жаш алып суйундум. Ири мелдештерде мындайчы айтканда пачин астын, бизге Алтын медал алып келип. Эми мындан ары буюрса алтындар жаап келсин мелдештерде. Кыргыз желеги желбирей берсин ылайм.
+8
aiko8908
2019-09-20 19:55:40
Азамат Айсулуу мыктысын!!!
+8
dobrajelatel
2019-09-20 20:17:42
Баатыр Кыз азамат!
+3
kanybek1986
2019-09-20 21:05:39
Мурда да алтын медалдарды утуп жүргөн го анда дүйнө чемпиону болгон эмеспи азиябы
0
kanybek1986
2019-09-20 21:07:07
Бирок сөз жок дагы да көп көп дүйнө чемпиону олимпиада чемпиону бол ийгилик Айсулуу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан