3 миллиард чымчык. АКШ менен Канадада акыркы 50 жылда канаттуулардын саны дал ушунчага кыскарган

Акыркы 50 жыл ичинде Түндүк Америкада канаттуулардын саны дээрлик 30 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Science журналы америкалык жана канадалык изилдөөчүлөрдүн докладына таянуу менен жарыялады.

Окумуштуулар баары биригип канаттуулардын 529 түрү тууралуу маалыматты чогултушкан. Жыйынтыгында, азыркы тапта Түндүк Американын жапайы жаратылышында 1970-жылга салыштырмалуу 2,9 миллиардга чымчык аз экенин аныкташкан. Бирок окумуштуулар алардын санынын кыскарып кетүүсүнө эмне себеп болгонун такташкан эмес. Андан да кейиштүүсү - бул саны азайып кеткен канаттуулардын 90 пайызы 12 түргө гана туура келгендиги. Алардын арасында кеңири жайылган таранчылар, чабалекейлер, калтырактар (сайраган чымчыктардын бир түрү) да бар.

Изилдөөнүн башкы автору Кеннет Розенберг жакынкы келечекте канаттуулардын санынын азаюусу айлана чөйрөгө олуттуу зыян тийгизерин айткан. Анын айтымында, сейрек кездешүүчү чымчыктарга караганда көп таралган канаттуулардын азайып кетүүсү кооптуу. Себеби дал ушул кеңири тараган чымчыктар экологиялык системдин иштешинде маанилүү ролду аткарат.

Кыргыз өлкөсүндө да акыркы жылдары таранчылар жоголуп бара жаткандыгы айтылып келет. Талаада дан чокуп, дан менен тамактагандыгы үчүн таранчы деп аталып калган чымчыктар тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, ушул шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
baisogur
2019-09-21 13:19:42
Таранчылар каякта азыр, кичинемде тал теректерда быжырап балапан басып учуп журушчу эле азыр жокко
+3
Missing-u
2019-09-21 13:56:02
Чабалекейлерда азайды. Муркундай стройка болбогонгобу,потолоктор тегиз болуп,келип уя салганы места таппай кетип калышат. Таранчылар чын эле азайып кетти,почти корбойсун. Сут ак да сайрап турчу аларда жок. Ушундай куз маалында туштон кийин тонкулдак чыкчу аларда жок негедир.
+3
bessmertiy
2019-09-21 14:37:04
Чын эле таранчылар жок. Биз кичинебизде үйдүн дубалыгын тешиктерине уя салышчу эле. Пыррр эти топ тобу менен бир ары бир бери учуп жүрүшчү.
+2
L.i.m.o.n.a.d.k.a
2019-09-21 17:02:04
келечекти ойлоп коркосун адам, адамдар озубузго шарт тузуу менен убара болуп журобуз, бирок негизги ресурстарды талкалап жок кылып атканыбыз оюбузга да келбейт.
+5
mirlanpiter
2019-09-22 14:10:59
Менин угушумча таранчыларды ала канат деген чымчык жеп салды,, тагыраагы уясындагы жумурткаларын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан