"Мага буга чейин "Кыргызстан" партиясынын лидери болуу боюнча сунуш келип түштү. Сунуш үчүн рахмат. Бирок мен өз ыктыярым менен партияга лидер болуудан баш тартам". Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы, "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп шайланган Дастанбек Жумабеков айтты.
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда аталган партиянын VI съезди өтүүдө. Анда партия өкүлдөрү башкаруу мөөнөтү бүткөн лидери Канатбек Исаевдин отчётун угуп, андан кийин жаңы лидерди шайлоону жүргүзүштү. Бул учурда Дастанбек Жумабеков сунуштан баш тартарын айтса, Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбеков лидерликке талапкерлигин ыктыярдуу түрдө аларын билдирди.
"Буга чейин партия өкүлдөрү кеңешип, талкуулаганбыз. Мындан улам ыктыярдуу түрдө лидерликтен талапкерлигимди алам", - деди ал.
Андан кийин партия өкүлдөрү кайрадан төрт жылга лидер кылып Канатбек Исаевди шайлашты.