Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев бүгүн, 22-сентябрда саат 9:00дөн тартып Аламүдүн районундагы Таш-Төбө айылындагы милиция бөлүмүндө жүргөнүн билдирди. Буга "УКМКнын, "Альфанын", ИИМдин башчысы кызматтан кетип, президентке импичмент каралсын" деп 1700 жарандын Башкы прокуратурага кайрылгандыгы себеп болгонун белгилейт.
Анын билдирүүсүнө ылайык, Башкы прокуратура бул арызды карап чыгып, күч структураларынын башчыларынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Аскердик прокуратурага жөнөткөн.
"Ал эми Аскердик прокуратура жекшемби күнү арызга кол койгондорду, анын арасында 70-80 жаштагы чоң энелерди да суракка чакырууда. Суракка эмчектеги балдары бар келиндер да барууда. Активисттердин биринин апасын бир жарым саат суракка алышып, күч органдарынын башчыларына эч кандай нааразычылыгым жок деп кол коюп берүүгө ынандырышкан. Ушул жерге кол коюп кете бериңиз деп жатканда мындай чектен ашкандыкты жактоочу токтотуп калды. Айрым аялдарды алардын абалына, саламаттыгына карабай 5 саатка чейин суракка алышууда. Кол койгондорду текшерүү түнгө чейин уланчудай. Мындан улам бул жерде болууну чечтим", - дейт Атамбаев.
Ошондой эле ал сурактагыларды 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катыштыгы бар күч структураларынын башчылары жоопко тартылсын деген талабым жок дегенге көндүрүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалаган. Мындан тышкары, арыз ээлерин жекшемби күнү суракка алышканына басым жасаган.