"Айтыш" фондунун тең төрагасы Асылбек Маратовду Кыргыз тили күнүнө арналган концертке киргизбей коюшту (видео)

Белгилүү төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратовду бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз тили күнүнө карата өтө турган концертке киргизбей коюшту. Бул тууралуу акын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аталган концерт өкмөт тарабынан уюштурулуп, ага президент өзү катышмак. Акындын билдиргенине ылайык, күн мурун уюштуруучулар акындарды ырдатып көрүшкөн, анда төкмө тил маселеси боюнча орчундуу ойлорду камтыган ырын аткарып берген. Бирок бүгүн концертке келген мезгилинде ага ал тизмеде жок экенин айтышып, концертке киргизишкен эмес.

Айта кетсек, жакында өткөн эл аралык айтыш сынагында Асылбек Маратов кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана жайылтуусуна кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан атайын медаль менен сыйланган.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул окуяга кайдыгер карабай ар кандай билдирүүлөрүн калтырган. Алар төкмө акындын тил маселеси тууралуу ырдаганы жогору жактагыларга жакпай турганын билишип, акынды концертке киргизбей койгонун жазышкан.

Төкмө акын өзүнүн баракчасына жазгандай уюштуруучулардын "Тил күнүндө тил кескени эмнеси?".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
erkinali858585
2019-09-23 12:36:33
Сен акынсын Асылбек, алар чимкирик, чимкириктерге таарынба
+17
Omush94
2019-09-23 12:42:26
Асылбек алар киргизбесе койсун сенин деңгээлиң түшүп калбайт мен сени мененмин эч сынба. Дагы ким кошулат?
+18
akmanai
2019-09-23 13:28:34
Алдын ала ырдатып коргондорун кара. Женишбектин ырдаганы катуу тийген го бироолорго. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок!"
+9
Altyn.bala
2019-09-23 13:33:18
Сокеге жагынып эле турган киши керек да Асылбегине Раимине.
+11
aza84
2019-09-23 14:24:30
Азамат деги акын сыягы деле жоко
+5
aydinnur
2019-09-23 14:25:17
Женишбектен кийин журоктору тушуп калган экен,Сокенин бийликти туугандарга толтурганын сындап ырдагандан кийин)))
+6
Bektur2011
2019-09-23 14:49:12
aydinnur,Женишбек Жээнбековду эмес АШАны сындап ырдаган. Билбей эле урдура бересинби!
-4
aydinnur
2019-09-23 14:53:46
Bektur2011,урдурган сенсин го дейм))Айтыш жакында эле отсо кайдагы Атамбаев жонундо ырдайт...?Жагынсан да чени менен жагынчы Сокеге доконца кирип кетпей)))
+5
Bektur2011
2019-09-23 14:49:48
Бардыгы пландын негизинде болот да ошого жараша чечилет. Марат эмес Аллы Туткучев деле Кочмондор оюндарында болгон чындыкты айттыго.
-9
altyn-kumush
2019-09-23 14:52:55
Асылбек Маратов чындыгында мыкты акын аны тил жөнүндө ырдаганы эмес айрым бут тосуучуларды сындаган үчүн эшик сыртында калды.
+4
Absamat-90
2019-09-23 14:54:38
Тизмени тузгон кишиден тактоо керек, балким чындап жанылыштык кеткендир баарын эле саясатка такай берсек болбойт го.
-7
Erik2018
2019-09-23 15:19:29
Эламан деген акын чыгыптырго төгөт экен молодец
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан