Бүгүн, 23-сентябрда 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отуруму башталды.
Отурумга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова чакыртылган. Бирок отурум башталганда алар бул чакырууга баш тартышканы белгилүү болду.
Ал эми комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова сөзсүз түрдө суракка келиш керек экенин баса белгиледи. Себебин аларга карата көп суроолор бар экендиги менен түшүндүрдү. Ошондой эле кээ бир комиссия мүчөлөрү эки депутат үчүн кийинки жыйынды Жогорку Кеңеште өткөрүүнү сунушташты.
Буга чейинки отурумда мурдагы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жана ИИМдин эки орун басары чакыртылып, алар Кой-Таштагы окуя боюнча айтып берип, комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берген.