Башкы прокурордун орун басары, аскер прокурору Нуркамал Набиев Курсан Асановдун уулу өлкөдөн качып кеткенин билдирди.
Набиев бул жоопту 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Ош облусу аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен. Ал эч кандай окууга кеткен эмес. Асановдун уулу ошол убакта шектүү эмес болчу. Бирок ошого жакындап калган. Тийиштүү далилдер бар болчу", - деди ал.