Бишкекте мектептеги мыйзамсыз акча чогултууга каршы нааразычылык митинги өтөт

Борбор калаада 2-октябрда мектеп фондуна каршы нааразычылык митинги өтөт. Бул тууралуу мектептердеги акча чогултууларга каршы комитетинин мүчөсү билдирди.

“Буга чейин атайын түзүлгөн ата-энелер комитети билим берүү жаатындагы бир катар маселелери менен Өкмөткө жана Билим берүү министрлигине кайрылганбыз. Маселе көп жылдардан бери чечилбей келе жаткандыктан, акыры митинг өткөрүп, талаптарыбызды билдирели деп чечтик. Митингге болжол менен эки миңдей ата-эне катышат”, - деп билдирди митингге катышуучулардын бири.

Ал эми Новопавловка айылынын мектебинде ата-энелер комитетинин башчысы Чынара Эсенбекова: “Мектептерде дагы деле мыйзамсыз акча чогултуулар токтой элек. Мектеп жетекчилери дагы деле баш мыйзамда жазылган 45-беренеге каршы иштеп жатышат. Ар бир Кыргыз өлкөсүнүн жараны акысыз жалпы билим алууга укуктуу. Ата-энелер мектеп фондуна акча төлөбөйбүз дешсе, иштебегендиги жөнүндө аныктама талап кылышат экен. Эгер бала акча төлөй албаса, куугунтукка кабылып жатат”, - деди ал.

Билим берүү жана илим министрлиги SUPER.KG порталына митинг тууралуу маалыматыбыз жок деп жооп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Cleo-13
2019-09-23 20:28:40
Мен да бармакмын
+2
momun74
2019-09-23 20:36:53
Фонд деген бир балее боодуго бутпогон биз садикке эле бир балага 700сомдон толоп келдик ай сайын эми 200сом кылып койушту
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан