Бүгүн, 23-сентябрь күнү Нур-Султан шаарында грепплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери орун алды. Анда 84 килограмм салмак ченинде кыргыз спортчусу Абдурахманхаджи Муртазалиев алтын медаль үчүн күч сынашкан.
Муртазалиев финалда польшалык атаандашы менен кезигип, 0:2 эсебинде жеңилип жаткан. Бирок беттеш бүтөр алдында жеңиштүү ыкма жасап, беттешти утуп алды. Жыйынтыгында дүйнө чемпиону аталды.
Ошондой эле 71 килограмм салмак ченинде Абдылдабек Кекенов финалда орус спортчусуна жеңилип, күмүш медалга татыды.