"Telegram деңиздеги пират кемесиндей". Орусия бул мессенжерге каршы күрөшүүнү күчөтөт

Орусиянын көзөмөл комитетинин башчысы Александр Жаров Telegram мессенжерин деңиздеги пират кемесине салыштырып, бир жыл ичинде бул тиркемеге каршы күрөш күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

"Бир жыл ичинде тиркемеге каршы атайын иш-чаралар көрүлөт. Тыюу салынган нерселерди таратууга бөгөт коюлат. Бул "пираттык кемени" чөктүрүүгө аракет кылабыз", - деди Жаров.

Буга чейин Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы аталган мессенжердин колдонуучулары тууралуу маалыматты алууга жана алардын билдирүүлөрүн окуу үчүн Павел Дуровдон жашыруун ачкычтарды талап кылган. Бирок мессенжердин негиздөөчүсү бул талаптарды аткаруудан баш тартып, мындай иш-аракеттер Конституцияга карама-каршы келерин билдирген.

2018-жылдын апрель айында Орусиянын көзөмөл комитети Москванын Таган райондук соту Telegram`ды Орусиянын аймагында колдонууга тыюу салуу чечимин чыгарган.

Бирок ага карабай бул тиркеме иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан