Кечээ, 23-сентябрда Бишкек шаарында №146 каттамга караган маршруттук таксиде эки жүргүнчүнүн чыры тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда жүргүнчү кыз менен эркек кишинин кайым айтышып баратканы угулат. Бир аздан соң эркек киши кызга кол көтөрүп жибергенин, кыздын сөзүнөн билсе болот. Күбөлөрдүн айтымында, эки жүргүнчүнүн чыры орундук бербей койгондон келип чыккан. Маршруттук таксинин айдоочусу окуяга аралашкан эмес.
Чырдын чоо-жайын тактоо масатында SUPER.KG порталы аталган каттамдын токтоочу жайына барганда, окуяга күбө болгон айдоочу жок болуп чыкты. Чогуу иштегендер ал Бишкек ШИИББине күбө катары сурак берүүгө кеткенин айтышты. №146 каттамдын диспетчери Оролбек Токтосунов: “Биздин укканыбызга караганда, кыз 17-18 жаштагы студент экен, ал эми эркек киши 48-50 жаштар чамасында болгон. Айдоочу ал учурда жол чыракта тургандыктан, маршруттук таксини токтото алган эмес”, - деп айтып берди.
Кийин айдоочудан окуя боюнча айтып берүүсүн сурадык. Ал: "Бишкек ШИИББине барып түшүнүк кат жазып чыктым. Бул окуя кечээ күнү Түштүк магистраль жакта, Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө жетейин деп калганда болгон. Алгач жаш кыз менен эркек киши жай гана сүйлөшүп жаткан. Тиги адамдын "жаштардан ыйман кетти, орундук берсеңер боло" деп жатканын уккам. Кыз ал кишини сөгүп урушуп кирди. Бир заматта абал курчуп, салон жакта ызы-чуу болуп калды. Мен ал учурда үчүнчү тилкеде кетип бара жаткандыктан, маршруттук таксини токтото алган жокмун. Андан кийин ыңгайлуу жер таап, экөөнү тең түшүрдүм. Бирок кыз кайра келип, кишини сүрөткө тартып алганын айтты. Кишинин мас абалында болгонун байкаган жокмун. Бизде жүргүнчүлөр арасында түшүнбөстүктөр көп эле болот", - деди.
Бул окуя боюнча териштирүү иштери башталганын, азырынча окуянын катышуучулары тактала элек экенин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.