Месси The best наамынын ээси. ФИФА жылдын мыктыларын аныктады

ФИФА тарабынан жылдын мыкты футболчусу наамы - The best сыйлыгы "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессиге ыйгарылды. Месси номинацияда "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналдуну жана "Ливерпулдун" коргоочусу Виржил ван Дейкти артта калтырган.

Аргентиналык оюнчу ФИФАнын The best жаңы сыйлыгын алгачкы ирет алды. Буга чейин ФИФА уюму "France Football" журналы менен биргеликте "Алтын топ" сыйлыгын ыйгарып келчү. 2016-жылдан тарта ФИФА өзүнчө, "France Football" өзүнчө "Алтын топ" наамын тапшырат.

Юрген Клопп - жылдын мыкты машыктыруучусу, Алиссон - жылдын мыкты дарбазачысы жана жылдын мыкты голу наамына Даниель Жори татыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2019-09-24 13:03:46
Месси азаматсың.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан