Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы эки тараптын пикир келишпестигинен чыккан ок атышуудан 13 адам жабыркап, 1 чек арачы прапорщик Равшан Муминовго ок тийип каза болгон. SUPER.KG порталы курман болгон чек арачынын үйүнө барып, анын жакындарына көңүл айтты. Маркум чек арачынын жакындарынын айтымында, ал эч кимге катуу сүйлөбөгөн, үй-бүлөсүнө камкор, кичи пейил адам болгон.
"Арга жок, инимдин өзүнүн эле шору болду. Артында үч баласы, жубайы калды. Өздөрү дагы өз үйүндө эмес, бирөөнүн үйүндө батирде жашап келишкен. Равшандын бир тууган агасы Дилшат Муминов дагы чек арачы болгон. Ал дагы чек араны коргойм деп ок тийип каза тапкан. Иним жумушуна катуу берилип иштейт эле. Өкмөт үч баласын көрүп, үй жагынан жардам беребиз деп убадалады. Айтылган убадалардын ишке ашырулуусун күтүп отурабыз. Ал эми акчалай жардамдар берилип жатат", - деди бир тууган агасы Хасанбай Муминов.