"Жалаң акча жөнүндө сүйлөп, жомокту айтасыңар". 16 жаштагы окуучу БУУнун саммитинде дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү тууралуу сөз сүйлөдү

23-сентябрда БУУнун Нью-Йорктогу саммитинде 16 жаштагы окуучу Грета Тунбергдин курч сөздөрү менен сүйлөгөнү талкуу жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Швециядан келген Грета 16 жашта гана болгонуна карабай, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп келет. Грета Тунберг саммитке учак эмес, күн батареясы менен иштеген яхтада келген. Ал бул кадамын “учактардан чыккан көмүртек издери, экологияга терс таасирин тийгизет” деген сын сөзүн айтуу менен тушүндүргөн. 16 жаштагы активисттин БУУда айтылган сөзүн дүйнө жүзү талкуу кылып жатат. Ага карата оң дагы, терс да пикирлер айтылууда.

“Мен бул учурда океандын ары жагында мектепте болушум керек эле. Силер жаштарга үмүтүңөрдү артып отурасыңар. Кантип буга дитиңер барды? Жел ооз сөздөрүңөр менен силер менин кыялымды, менин балалыгымды уурдап алдыңар....Бүтүн экосистемдер кыйрап жатса, силер жалаң акча жөнүндө сүйлөп, кайдагы жомокторду айтасынар. 30 жылдан бери окумуштуулар дүйнөдөгү климаттын кескин өзгөрүп жаткандыгын эскертип келишет. Силер кантип чындыктан качып, бул жаатта колдон келгендин баарын жасап жатабыз деп айтасыңар? Силерди келечек муун карап турат” , - деп сөз сүйлөгөн Грета Тунберг.

16 жаштагы окуучу БУУда сөз сүйлөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2019-09-24 19:29:32
Биздин Кыргызстанда болгондо бул кызды башында эле саммитке киргизбей коюшмак.
+14
titanik32
2019-09-24 19:41:34
Жаш болсо да чет тилде ээн эркин сүйлөйт экен азамат кыз экен.
+8
oSporte
2019-09-24 19:43:54
Кыргызстанда болгондо эртеси күнү УКМКдан чакыруу келмек
+21
Alia82
2019-09-24 20:03:55
oSporte,туура айттын )))
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан