"Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө" дейт президент

"Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө", - деп президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда белгиледи.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деңгээлге жеткенин белгиледи.

"Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, Кыргыз-Түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 миллион доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргыз мамлекетине эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 миллион доллардан ашат", - дейт президент.

Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын белгиледи.

"Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 миллион доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда Кыргыз жергесинде жүздөгөн Кыргыз-Түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-09-25 08:56:26
Кыргыз-Түрк мамилеси мурдатан бери жакшы мүнөздө уланып келе жатат. Бул мамиле мындан ары да өнүгүп достук жана боордоштук байланышыбыз өркүндөй берсин.
0
Erik2018
2019-09-25 09:00:37
Туркия менен алаканы дагы да тереңдетип соода көлөмүн 1 миллиардга жеткирүү керек. Анткени биз бул өлкөдөн туризм тармагын колго алуубуз кажет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан