Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарында "Ош базарынын" сатуучулары нааразычылыгын билдирүү үчүн базардан Ак Үйгө чейин жөө жүрүш менен барганы жатышат. Алар "Берекет" ЖААКсынын жетекчисинин жоопкерчиликке тартылуусун талап кылышууда.
Саат 12:30га карата сатуучулар Бишкек мэриясынын имаратынын жанына келишип, шаар башчысынын чыгышын талап кылышкан. Мындан улам чогулган элди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Жумагазиев кабыл алды.
"Берекет" базарынын сатуучулары "Базар курулуп жатканда орундар бекер болот деп айтышкан азыр эми "Берекет" жабык акционердик коомунун жетекчилиги 1 чарчы метр жерди 3 миң доллардан сатылат деп жатат. Базардан былтыр 2-3 ирет өрт чыкты. Бирок бул кырсыктын себеби иликтенбегени шек жаратат. Биз суранууну эми токтотобуз, талап кылабыз. Салыгын да, патентин да төлөйбүз. Бул муниципалдык жер болгондон кийин биз акчаны мэрияга эле төлөшүбүз керек. Базарды муниципалитетке өткөрүп берүүңүздү сизден суранабыз", - деп сатуучулар мэрге кайрылышты.