Кыргыз спортчулары оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда медалга илинген жок

Таиланддын Паттайя шаарында оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Бул мелдешке эки кыргыз спортчусу Эмил Молдодосов менен Бекдөөлөт Расулбеков катышты.

Эмил Молдодосов 81 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жулкуп көтөрүүдө 153 килограмм салмакты көтөргөн. Түртүп көтөрүүдө 180 килограммды көтөрүп, жалпы эсеби 333 килограмм болду. Бул жыйынтык менен 41 спортчунун арасынан 18-орунду алды.

Бекдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта жулкуп көтөрүүдө 170 килограмм салмакты багынтса, түртүп көтөрүүдө 197 килограммды көтөрдү. Жалпы эсеби 367 килограмм болуп, 39 спортчунун арасынан 10-орунду алды.

Бул чемпиондукка Иззат Артыков жаракатынан улам катыша албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан