Кечээ, 25-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева менен жолдошу тун уулу Темирланды үйлөндүрүштү. Анын урматына борбор калаабыздагы тойканалардын биринде шоу-бизнес өкүлдөрүнө жана тууган-уруктарына чоң той беришти. Жылдыздар парады сыяктанган кечеге Алтынай айымды куттуктап мекенибиздеги атактуу делген инсандардын көбү келди.
Нарбаеванын жолдошу болочок келини менен 2 жыл мурун таанышканын айтты.
"Уулум Темирлан Айданай (ред. келини) менен 2 жыл мурун эле бизди тааныштырган. Ошондо эле ыйманы бекем кыз экен деп баалагам", - деди ал.
Ырчы-бийчиге бай бул тойдон даярдалган видерепортажды саналуу сааттардан кийин "SUPER TV'дан" көрө аласыздар.