Депутат Рада Туманбаева министрлерди катка так жооп берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"4 жылдан бери эл менен жолугуп келебиз. Алардын көйгөйүн министрлик, мекемелерге кат аркылуу жөнөтөбүз. Алар каттын маанисине түшүнүшпөйт. Туура эмес жооптор келет. Министрлер өздөрү каттарды карабай, бөлүм башчылар жооп беришет. Урматтуу министрлер депутаттар жөнөткөн каттын маанисин так түшүнүп жооп бериңиздер", - деди Рада Туманбаева.