Эл өкүлү башка мамлекетте иштеп жаткандарга инвестор катары мамиле жасоо керектигин айтты

Депутат Сагындык Келдибаев башка мамлекетте иштеп жаткандарга инвестор катары мамиле жасоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которуу көлөмү кескин түшүп кетти. "Орусиядан тышка акча которуу боюнча чектөө мигранттарга терс таасирин тийгизип жатат. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгондуктан, мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес. Өкмөт тезинен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көйгөйдү чечиши керек.

Эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштегени менен, Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жатышат. Алар жыл сайын бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат которуп келет. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү жана калк турмушунун жакшыруусу үчүн чоң салым. Ошондуктан чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bektur2011
2019-09-26 10:55:37
Ар бир мигарнттар Кыргызстанга келип иш баштайбыз деп тытынып жүрүшөт аларга тийишттүү шарт түзүлүшү керек.
+6
Absamat-90
2019-09-26 11:00:07
Мигранттарга болушунча максималдуу мамиле каралып эле жатат менин байкашымча.
+3
Ernestinio
2019-09-26 11:00:18
эн туура создор. 14 жаштан баштап 60 жашына карабай эмгектенип журушот. алар иштеген акчасын Кыргызстанга коротушуп, Кыргызстандын экономикасына салым кошулуп келет. Алардын ар бири инвестор!
+4
altyn-kumush
2019-09-26 11:01:04
Мамлекетибизде чоң бизнес баштаганга көпчүлүктүн каражаты жете бербейт. Ошондуктан чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлсө жергиликтүү керектөө саны өсмөк.
+2
osor
2019-09-26 11:10:47
Козунорго эми инвестор корунуп калдыкпы кийинчерек козунорго доллар корунсок керек андан кийинчерек мигранттар акча тапкыч автомат корунуп калар кыргызстанда иш орун тузуп берели дегендин ордуна суйлогон созун кара
-1
Erik2018
2019-09-26 11:28:44
Кыргызстан учун чет жакта журсо да журогу соккон жигиттер созсуз келип мекенибизге жеке иш кана ачып иштеткиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан