Мирбек Атабеков Брэд Питтке, Манас Ниязов Неймарга айланганда... Популярдуу болуп жаткан мобилдик тиркеме кыргыз атактууларынын эгизин тапты (сүрөт)

Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда "Gradient" мобилдик тиркемеси популярдуу болуп жаткан учур. Тиркеменин жардамы менен адам өзүн кайсыл атактууга окшош экенин билүүгө болот. SUPER.KG порталы кыргыз атактуулары кайсыл дүйнөлүк атактууларга окшош экенин текшерип көрдү.

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековду Голливуд жылдызы актёр Брэд Питтке окшоштурду.

Ар дайым талкуунун үстүндө жүргөн ырчы, алып баруучу Анжелика Кайратованын эгизи америкалык актриса Натали Портман экенин тиркеме көрсөттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Тибеттин мурдагы лидери болгон Далай-Ламага окшош болуп чыкты.

Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын эгизи индиялык актриса Фрида Пинто деп табылды.

Көк бөрү боюнча кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов "Пари Сен-Жермен" футболдук клубунун чабуулчусу Неймарга окшош экен.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын эгизи америкалык актриса Женнифер Лоуренс болду.

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси Нурлан Насип "Ла-Ла Ленд" тасмасындагы актёр-музыкант Райан Гослинге окшош болуп чыкты.

Тиркеме кыргыз эстрада ырчы айымы Айдана Деканы америкалык актриса, сулуулук символу Мэрилин Монрого окшош деди.

Теле алып баруучу, тамада Санжар Мыкыевдин эгизи актёр Жеки Чан экен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sainazarov0555
2019-09-26 20:13:54
Каяктагыны айтпагылачы :)
+3
Kalmurzaev8900
2019-09-26 20:35:21
Окшобойтго каери окшоп турат
+3
Aidar.001
2019-09-26 20:47:42
Айдана дегенди жон эле койбопсунар да, ырчы, актриса дегендер оздоруно оздору деле окшобойт 2, 3 кун корбой калсан!
+2
elmira.
2019-09-27 10:11:46
Эч кимиси окшобойт
+2
sainazarov0555
2019-09-27 10:30:24
Ичим отуп кетти окуп алып :)
+6
Dembele84
2019-09-27 11:23:40
Бириси окшосо олойун,оздорун дуйно жылдыздарына окшотом дегендери вообще ишке ашпаптыр.Окшоштук 0%
+1
Ziregim
2019-09-27 13:07:23
Бул болбогон эле программа экен мени Леонардо Ди Каприо кылып таштады
+1
Jasi.jasi
2019-09-27 13:28:16
Ziregim,:))
0
Zulya2
2019-09-27 14:40:18
Биздин Айдана сулуурак корунду
+2
AykaMer
2019-09-27 15:03:16
Жеки Чанга бир аз окшогон....))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан