Казакстандын Алматы шаарында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Анда 60 килограмм салмакта Кыргыз спортчусу Чыңгызхан Сагыналиев татамиге чыкты.
Сагыналиев жарым финалга чейин 4 атаандашын жеңип алган. Жарым финалда ал азербайжандык спортчуга жеңилип калган. Коло байге үчүн беттеште кыргыз спортчусу дагы бир азербайжандык дзюдочуну жеңип алган.
Жыйынтыгында Чыңгызхан Сагыналиев мелдештин коло медаль ээси болду.