Депутат Абдыбек Дүйшалиев Балыкчы-Каракол унаа жолун оңдоп-түзөө көңүл сыртында калып жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча канчадан бери айтып келем. Өкмөт өкүлдөрү убадаларын берип келишүүдө. Бирок бул жолду оңдоп-түзөө иштери көңүл сыртында калгандай", - дейт депутат.
Ал эми депутат Мирлан Бакиров токтоп калган Бишкек-Ош унаа жолунун Маданият - Жалал-Абад тилкесин оңдоп-түзөө иштерин кайра жандандыруу зарылдыгын өкмөттүн астына койду.