Биз социалдык тармакта

Президент ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдей турганын айтты

"Ачык баарлашуу элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт", - деди президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууну жыйынтыктап жатып, мамлекет башчы ачык жана мазмундуу баарлашуу болгонун белгиледи.

"Ар кандай мүнөздөгү суроолор ачык берилди. Бул элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшө турчу коомубуздун ачыктыгын көрсөтүп турат", - деди мамлекет башчы.

Президент бийлик жана эл биргеликте иштегенде гана жетишкендиктер болорун белгиледи.

"Эгерде бийлик бирди айтып, иш жүзүндө башканы жасап жаткан болсо, эл муну көрүп турат. Менин башкы максатым - таза иштеп, эл арасында жүзүм жарык болуу", - дейт Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
senchi
2019-09-27 10:59:34
Жаштар менен жолугушуп корчу. Баткенде эмнеге жолугушуу кылбадын.
+1
Bektur2011
2019-09-27 11:19:03
senchi,Жаштар менен жолугуп эле жатат! Баткенде эл менен 2 ирет жолукту! Сен кайдан чыккан немесин сенсиреп! Ордунду билбесинди оозунду чойбой!
-2
Bektur2011
2019-09-27 11:17:37
Атамбаев эл менен айда жылда бир жолу жолугушса Жээнбеков элден бат-баттан кабар алып, эл менен бийликтин ортосунда мамилени бекемдеп жатат.
+1
Absamat-90
2019-09-27 11:19:55
Эл менен туз жолуккан жакшы, элдин оюн туз оздорунон угуп. Коруп жатабыз ортодо ортомчулар кандай иштеп жатканын.
-1
altyn-kumush
2019-09-27 11:27:53
Президент ушунтип эл менен ачык сүйлөшкөнү алардын көйгөйлөрү менен жакындан танышууга да мүмкүнчүлук берет.
-2
Ernestinio
2019-09-27 11:30:35
Эл кандай болсо башкаруучулар да ошондой болот деген соз бар. Элибиз онолуп баратат, ичимдектерди жок кылып, илим менен билимге кызыгып, жаштарыбыз чет олколордо билим алып, иштеп... Элди ойлоп, мамлекетке кызмат кылган президент да келди, олкобуз да онугот
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан