Алып баруучу Андрей Малаховдун орой сүйлөгөнү боюнча Тышкы иштер министрлиги үн катты

Кечээ, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин өкүлү чакыртылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Түз эфир" программасынын алып баруучусу Андрей Малаховдун көрсөтүү учурунда Кыргыз өлкөсүнүн жараны Исламбек Акбаров тууралуу айткан орой сөзү талкууланды. ТИМдин өкүлү кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин эске алганда Орусиянын мамлекеттик телеканалынан журналисттер тарабынан мындай пикирлердин айтылуусу боюнча бушаймандыгын билдирди.

24-сентябрь күнү "Россия 1" телеканалынан олигарх Александр Маруговдун уулунун жол кырсыгындагы өлүмү тууралуу көрсөтүү эфирге чыккан. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары социалдык тармактарда "көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу Андрей Малахов бүтүндөй кыргыз элинин дарегине орой сүйлөдү" деп анын кечирим суроосун талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
salimbek87.kg
2019-09-27 13:57:23
Кечирим менен чектелбей иштен айдап башка каналданда эфирге чыгарбай койуш керек . Малахов өлгүчөң сен кыргыздарга жаман көрүнүп калдың
+3
medet1983
2019-09-27 14:09:36
Малаховдун озу кругозору жок турбайбы, суйлоор созун билбейт тантырап.Журналист болгондон кийин тактап суйлош керек.Бутундой кыргыз элине шек келтирбей.Кечирим суратыш керек акмакты.
+1
Kuttubek8483
2019-09-27 14:40:59
Малаховду сотко бериш керек конкретно 3 статья менен. 1. Улут аралык кастыкты, жек кооручулукту козгоо. 2. Улуттун жана жеке адамдардын намысын кемсинтуу. 3. Кызмат абалынан пайдалануу жана сот процессине кийгилушу. Малахов ачык эле айтып жатат. Атайын жасалган иш деп. Бунун артында жалдаган адамдар турат деп. Адвокатка ж.б чыгымдарын ошол толоп жатат деп. Ага кошуп бул ишке консулдук кызматты куноолоду тушунгон адамдарга. Заказной ишке консулдук да аралашты деп.
+2
Saidochka
2019-09-27 14:45:55
Бушайман болуп атканынан башка эчтеке дей алышпаппы биздин ТИМ?
Анан эмне болуптур,?Болдубу?,ошол элеби?же калганын силер биле албадынарбы суперчилер?Ток этерин айтпайсынарбы,конкреттүү талап коё алышыппы анан?Соцсеттеги талаптан башка эчтеке жок
+2
Dembele84
2019-09-27 14:50:24
ТИМ ун катты и кайрадан башын кумга катты.Дальше что???деген жери бар,катуу талап койгула оозду ачпай!
+1
Kuttubek8483
2019-09-27 14:52:47
Программага барган юрист боюнча. Микрофон берилбеди деп шылтоо айтып жатат. Сизден конкретно сурады го адвокатка акчаны кайдан алдынар. Консулдук кызмат эмнеге бул иштин артынан суросунор, заказной иш заказ берген адам акча берген ошон учун журосунор деп. Сиз жооп бербединиз залдан болок адам жооп берди. Сизге айтарым ордунузду жаш кучту кадрларга бошотуп берип коюнуз. Сиздин максатыныз кечирим суроо менен бирге кыргыз элинин укугун коргоо болчу.
+2
Begimay.emir1
2019-09-28 02:14:12
Малаховтон башка ишинер жокпу ТИМ? Бели ката элек кыздарыбыз, уулдарыбыз иштешет пол жууп, оор жук которуп ага неге чычалабайбыз? Президенттерибиз суранып эле акча сурап журсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан