Эл аралык күрөш федерациясы бүгүн, 27-сентябрда балбандардын жаңы рейтингин жарыялады. Анда Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде 1-орунда жайгашты.
Айсулуу Тыныбекова рейтингде Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында күрөшкөн Тайибе Юсейнди артка калтырды.
Олимпиадага жолдомо алган Атабек Азисбеков 87 килограмм салмак ченинде рейтингде 9-орунга жазылды.