Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болуп, комада жаткан 27 жаштагы жигит эсине келди

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болуп, комада жаткан 27 жаштагы жигит эсине келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жаран өз алдынча тамак ичип, абалы жакшырып калды.

16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын 10у тик учак менен Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан