Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин депутаттары Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдер мектебинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, депутаттар мурда берилген тапшырманын аткарылышын текшерди.
2018-жылы 28-майда тармактык комитет спорт мектебинин абалы менен таанышкан. Анда депутаттар окуу корпусу, жатаканасы, спорт комплексинин абалы өтө начар экенине, курулгандан бери капиталдык ремонттон өтпөгөнүнө, спорттун инвентарларынын эскилигине күбө болушкан.
Балдардын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу, мугалим-машыктыруучулардын эмгек акысын кайра кароо боюнча маселе көтөрүлүп, аткаруу бийлигине спорт окуу жайына керектүү каражат бөлүнсүн деген талап койгон. Бюджеттен 48 миллион сом бөлүнүп, имараттары 80 пайызга оңдолуп, жаңы эмеректер менен жабдылды.