Кыргыз өлкөсүнөн чыккан футболчу Ильзат Ахметов Орусия командасынын курамында ЕВРО-2020 турниринин тандап алуу туруна чакырылды.
Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Аталган мелдеште Станислав Черчесовдун командасы 10-октябрда Шотландия менен, 13-октябрда Кипр менен оюн өткөрөт.
6 тур оюндун жыйынтыгында Орусия курама командасы 15 балл алып, Белгияны 3 балл артта калтырып, 2-орунду камсыздоого жетишти.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Ильзат Ахметов команданын негизги курамы менен Евро-2020 турниринин тандоо этабында Бельгиянын курамасына каршы ойногон.
Бельгиялыктарга каршы оюнда Ильзат Ахметов дебют жасаган.