"Абдыш-Ата" футбол клубунун эки футболчусу Түркиянын "Эскишехирспор" командасынын академиясына өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Абдыш-Ата" футбол клубунун өкүлү билдирди.
Маалым болгондой, 16 жаштагы Кристиан Браузман жана 15 жаштагы Аскат Курманов түркиялык клубдун кароосунан өтүп, жыйынтыгында академияга кабыл алынды.
Футболчулар "Абдыш-Ата" клубунда 12 жаштан бери ойноп келишкен.