10-октябрь күнү футбол боюнча Кыргыз курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында өз үйүндө алгачкы беттешин өткөрөт. Анда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз өлкөсү менен Мьянма ойнойт.
Аталган оюнга Александр Крестинин 23 футболчуну чакырган. Азия Кубогунан бери улуттук курамда ойной элек Валерий Кичин да чакыруу алган.
Буга чейин Кыргыз курама командасы Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилип калган.
3-турдук оюн
Бишкек, 10-октябрь, саат 20:30
Кыргыз өлкөсү - Мьянма