Депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
“Парламенттин аброю боюнча айтсам, Жогорку Кеңешти жаман көрсөтүү күч алды. Бизди ар кандай сөздөр менен сындап жатышат. Пара менен кармалгандар аткаруу бийлиги. Тендер жүргүзүлүп жатканда коррупциялык элементтерди көрүп жатабыз. Ошонун баарын парламентке бургусу келип жатышат. Эң негизги курал социалдык тармак болуп калды. Анда ар кандай сөздөр айтылып жатат. Президенттин буйругу, өкмөттүн, парламенттин чечимине эч ким ишенбей, социалдык тармакка ишенип жатышат. Жаңы идеология жаралууда. Социалдык тармактын өнүгүп жатканы бир жагынан жакшы, экинчи жагынан жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканы жаман көрүнүш. Эртең парламенттик шайлоо өтөт. Талапкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтар тарап баштайт. Шайлоо мыйзамдарын карап чыгалы. Алардын жоопкерчилигин караш керек. Фейктер менен жашап калсак мамлекеттин түзүлүшүнө доо кетет. Парламенттин аброю боюнча комитет жыйынан кийин калып, жумушчу топ түзүп, кеңешели”, - дейт Төрөбаев.