ЭЛДИК КАБАР: "Токтогулда бензовоз жеңил унааны сүзүп, айдоочу жаракат алды" дейт окурман

Токтогул районунун Үч-Терек айылында күйүүчү май ташыган унаа менен Хонда Степ унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 1-октябрда эртең менен саат 9:00 чамасында орун алган.

"Үч-Терек айылында Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан бензовоз жол кырсыгына кабылды. Айдоочу жогорку ылдамдыкта айдап бара жаткан окшойт, тормозду басканда жолдогу бордюрду сүзүп, тайгаланып кетти. Андан кийин күйүүчү май ташыган унаа каршы тилкедеги Хонда Степ үлгүсүндөгү унааны сүздү. Жеңил унаанын ичинде 3 киши болгон. Алар жабыркаган жок. Ал эми бензовоздун айдоочусун "Тез жардам" кызматы аймактык ооруканага алып кетти", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Токтогулда жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Romantik.
2019-10-01 13:29:55
Дагы жакшы, төгүлбөптүр. Дарыяга куюлуп кетмек 30-40 тонна бензин
0
bond02
2019-10-01 14:09:03
Romantik.,Оштон Бишкекке бараткан бензовоз пустой болот да.
+1
Abdizhapar
2019-10-01 14:41:54
Жамгырда жол тайгак болот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан