Депутат Алмамбет Шыкмаматов жумушчу топ түзүп, парламенттин көзөмөл функциясын тактап алуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде билдирди.
"Жогорку Кеңештин төрагасынын астында жумушчу топ түзүп, парламенттин көзөмөл функциясын тактап алуу керек. Мурунку чакырылыштарда парламенттин функциясы алсыз кезде өкмөт келип тикесинен тик туруп бүт отчётун берип кетчү. Азыр Конституция боюнча ыйгарым укуктарыбыз бар болсо да, мыйзамдарда өзүбүздү түшүрүп койдук. 2017-2018-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт бир күндө каралып бүтүп калат. Депутаттардын арасында чек коюп койгула дегендер чыгат. Премьер-министр менен телефон менен сүйлөшпөй ачык, айкын көп жолуксак туура болот. Өкмөттүн отчёту түшкө чейин бүтүп калат. Кыш мезгилине даярдык, жазгы талаа иштери, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча отчёт квартал сайын өз-өзүнчө каралышы керек. Отчёт берген министрлердин дарамети өсөт. Өкмөт отчётту биз аркылуу элге берет", - дейт Шыкмаматов.