28-сентябрга караган түнү Кыргыз-Казак чек арасында операция жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон. Бул окуя боюнча Панфилов районунун үч жашоочусу шектүү катары кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринде шектүү катары Чалдыбар айылынын жашоочулары 29 жаштагы Б.А. 26 жаштагы Т.Б. жана 23 жаштагы А.Ч. аттуу жарандар кармалып, камакка алынышкан.
Учурда Панфилов РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо үчүн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.
28-сентябрь күнү эртең менен Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Чалдыбар көзөмөл өткөрүү жайында белгисиз адамдар тарабынан укук коргоо органдарына каршылык көргөзүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.