1 жарым миллион доллар. Канадалык ырчы Жастин Бибер менен Хейли Болдуиндин тоюндагы чыгашалар

Канадалык ырчы Жастин Бибер менен Хейли Болдуин 30-сентябрда үлпөт тоюн өткөрүштү. Той Түштүк Каролинада өтүп, салтанатка жалпысынан 1 жарым миллион доллардан ашуун чыгым сарпталган. Талкуу жараткан тойдогу чыгымдарды батыш маалымат булактары эсептеп, жазып чыгышты.

Чыгашанын көп бөлүгү үлпөт той өтүүчү жердин ички жана тышкы жасалгасына, "Revelry Event Designers" компаниясынын үстөлдөрүнө, отургучтарына жана башка компанияга таандык жумшак эмеректерине, күзгүлөргө, үн аппараттарына жана колуктунун гүлүнө кеткен. Тагыраак айтканда, жасалга үчүн 900 миң доллар сарпталган. Ал эми иш-чаранын уюштуруучусу Миндси Вайс болгон. Миндси Вайстын иш-чараны өткөрүү планы эле 200 миң долларды чапчыган.

Той ээлери жана тойдун коноктору Блаффтон шаарындагы 5 жылдыздуу мейманканада жашаган. Кызмат үчүн 114 миң доллар керектелген.

Дагы бир ири чыгаша - транспорт каражатына жумшалган. Меймандар Түштүк Каролинага учак менен келип, кетишкен. Мындан тышкары, сейилдөө үчүн кемелер, автобустар жана лимузиндер ижарага алынган. Транспорттук кызматтар үчүн 135 миң доллар коротулган.
Үлпөт той өтүүчү залга, тамак-аш, суусундуктарга, шараптарга 45 миң доллар төлөгөн. Меймандарга бөтөлкөсүндө тойдун өткөн күнү жазылган "Moet & Chandon Imperial" шампаны жана ар түрдүү алкоголдук ичимдиктер берилген.
Той ээлери кийим үчүн 124 миң доллар сарптаган. Бул каражатты колуктунун үлпөт көйнөгүнө, бут кийимине жана "Жубай" деген жазуусу бар күрмөсүнө, Жастин Бибердин костюмуна жана саатына жумшаган.
2018-жылдын июль айында Жастин Бибер модель Хэйли Болдуиндин колун сураган. Ал эми 13-сентябрда чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн мыйзамдуу түрдө никеге турганын жазып чыгышкан. Бир нече күндөн кийин америкалык актёр Алек Болдуин бир тууган инисинин кызы Хэйли Болдуин ырчы Жастин Биберге турмушка чыкканын тастыктаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2019-10-02 23:06:07
Самара каримованы жар-жар айттырып окул эне кылса вообще шик болмок.
+4
rysik79
2019-10-02 23:08:40
Баса асан байкебизди окул ата кылыш керек эле тойдун чыгымын конверт менен эле жаап коюшмак.
+3
eddi.
2019-10-03 07:20:32
Аялынын тили кобра го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан