Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Баткен жана Талас облустарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралып жатат.
Анда депутат Дастан Бекешев айылдардын тизмесин ким беките тургандыгын сурады. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизмени түзүп, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги бекитет.
Дастан Бекешев Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисине чоң укукту алганын айтты. Ал тизме өкмөттүн токтому менен бекитилиши керектигин белгиледи.