Бишкекте 5-класстын окуучусу автобустун арткы эшигине кыпчылып, дөңгөлөктүн алдында калды. Окуучу алган жаракатынан улам мерт кетти. Мындай маалыматты Чүй ОИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, адам өмүрүн алган кырсык бүгүн, 3-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында орун алган.
"Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 багытындагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен 5-класстын окуучусу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөгөн. Бала алган жаракатынан улам жеринен каза болду. Азыр териштирүү иштери уланууда", - дейт маалымат кызматынан.
Кошумча маалымат берилет.