Бүгүн, 3-октябрда Бишкекте автобустун арткы эшигине кыпчылып калган окуучу бала каза болду. Бишкек шаардык мэриясы окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан болушу мүмкүн деген билдирүү жасады.
"Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан. Аны айдоочу көргөн. Бирок окуучу баланын күрмөсүнүн боосу эшикке кыпчылып, автобус жүргөндө ал кулап, дөңгөлөктүн алдында калган. Рулда №18 багытындагы автобус каттамынын бригадири 1985-жылы туулган Н.Серенов болгон. Айдоочу "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында" 8 жылдан бери эмгектенип келет. Анын 14 жылдык тажрыйбасы бар.
Ал эми каза болгон М.Ж. №70 мектеп-гимназиясынын 5-классында билим алып жаткан. Атасы курулуш компаниясында иштейт, апасы экономист. Маркум 5 бир тууган болгон. Сокулук районунда жашайт.
Бул окуядан кийин вице-мэр Азиз Алымкулов шаардык транспорт башкармалыгынын, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын", "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" кызматкерлери жана мэриянын транспорт бөлүмү, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен чукул жыйын өткөрдү. Вице-мэр каза болгон окуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам көрсөтүүнү, маркумдун ата-энесине психологиялык жардам берүүнү тапшырды", - деп кабарлады.
Бул окуя тыкыр иликтенип, айдоочуга укуктук баа берилет. Мэрия маркумдун ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.