Бишкектин Свердлов районундагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 19 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө ӨКМнын куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан бала табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Буга чейин 2-октябрь күнү Алма-Ата көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 19 жаштагы бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМга келип түшкөн.