Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон окуя. Шектүүнү милиция кызматкерлери кыйнаган дейт акыйкатчы институтунан

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан жаран кыйноого алынганын жакыны айтып чыкты. Мындай маалыматты Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда акыйкатчыга шектүүнүн апасы И.Ж. кайрылып, баласын кыйнап жатканын айткан. Арыздануучу билдиргендей, тоноо болгон күнү анын уулу достору менен Ысык-Көлдүн Бостери айылына келин алып кетүү үчүн Бишкекке барышкан. Муну тастыктай турган сүрөт жана видео бар. Анткени уулу отурган унаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган.

Ал эми 5-майдан 6-майга караган түнү шектүү досунун үйлөнгөнүн майрамдап, Бостеридеги кафелердин биринде болгон. Арыздануучу муну анын достору далилдеп бере аларын, алтургай ошол отурушта түшкөн сүрөттөр бар экенин билдирген.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн унаасынын ичине баалуу зер буюмдарды таштап койгон болушу мүмкүн дейт арыздануучу.

"Милиция кызматкерлери уулумду Караколдогу кафелердин биринен кармап кетишкен. Алар баламдын унаасына ар кандай буюмдарды таштап койгонго убактысы кенен болчу. Анткени милиция кызматкерлери баламдын машинасынын ачкычын алып, колуна кишен тагып, өздөрүнүн унаасы менен Караколдогу ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Көп өтпөй укук коргоочулар кафеге кайтып келишип, уулумдун унаасын тинтүүгө алышканда багаждан зер буюмдар салынган баштык табылган экен", - деген ал.

Шектүүнү кармап кеткен кафеде видео байкоочу камералар болгон. Милиция кызматкерлери камера бар экенин билип, андагы жазуулардын баарын өчүртүп салышкан дейт шектүүнүн жакыны.

Октябрь РИИБинде тиешелүү көрсөтмөнү алуу үчүн шектүүнү кыйнаган. Анын сабалганын жактоочусу сүрөткө тартып алган. Уулунун сабалганын тастыктаган Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборунун дарыгеринин маалым каты дагы бар дейт арыздануучу.

Акыйкатчы Токон Мамытов бул арызды өз көзөмөлүнө алып, прокуратура менен биргеликте иш алып барууну пландаганы жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчынын апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. 2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы Б.М. Караколдун кафелеринин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Snejana
2019-10-05 00:51:56
Мирбектин карындашы 200% тааныды деп журду эле го. Анда ал кимди тааныды экен.
+6
aminali
2019-10-05 01:29:53
Ушундай болоорун сезгем.Кантип эле зер буюмдарды ещё уурдалган(кудай сакта) жанына салып журсун. Адилеттулук кайда, жалкоолор иштебей, бироонун баласын камаган замандабыз!
+10
gitaris93
2019-10-05 02:07:31
Менттер уурулар менен шерик алар толук билет ким алганын, карапайым бирөөнүн баласын потстава кылып кыйнап мойнуна алдырышты да чыныгы уурулар тобу менен азаттыкта жүрүшөт.
Крышасы күчтүүго дейм уурулардын.
+12
Shabi
2019-10-05 02:53:56
Ошо дейм да,Бир аз самненя бар болчу,кантип эле ууру уурдаган буйумун 3 4айлап машинесине салып журсун.уурдалган буйумдар машинесинен табылды дебеди беле иим
+10
Meken28
2019-10-05 06:21:16
60 min $ dyn jarymyn militsiyaga berip koiso boldu da
+8
katerina.li
2019-10-05 09:05:47
Уят,Мирбек,бироонун баласынын убалына калганын
+4
Aman_Mansurov
2019-10-05 12:06:42
katerina.li,Мирбекте эмне күнөө? Күнөө милицияда. Мирбек ал ууруну көргөн эмес, тааныбайт. Милиция кармадык десе ишенип жатат да. Милиция башка бирөөнү эле кармап келген окшойт, убалына ушулар калат.
+5
katerina.li
2019-10-05 15:21:40
Aman_Mansurov,эжеси,карындашы тааныды деп аткан ,ошону айтып жатавыз.
+4
katerina.li
2019-10-05 09:07:12
Бир туруп эжем жуз процент тааныды,бир туруп карындашым эки жуз процент тааныды деп эки суйлогонон эле билгем. Негизи мирбек как человек ото начар киши,жулмундоп кулуп жургону сахна учун маска
+8
titanik32
2019-10-05 09:40:04
Бир канча жылдан бери Атабеовдун үйүн тоногонун жазасыңар,бир эки жазгыла болот да.Кимге кереги бар кайталап эле жаза бергендин.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан