Өкмөт башчы Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары менен барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Баткен облустарына, Ош шаарына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы С.Токторов атындагы мектептин жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык округундагы суу менен камсыздоо тутумунун ачылышына катышты. Ошондой эле Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы бала бакчанын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, "Котормо-Ак-Булак-Кыргыз-Ата" унаа жолунун салынып бүткөн тилкесин көрүп чыкты.

Мындан тышкары, Ош шаарындагы "Ак-Ниет" сейил багынын жана Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнүн ачылышына катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан