"Суперфутбол-2019" турнири: "Көк бөрү" командасы журналисттерди утуп жеңүүчү аталды (хронология)

Бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Суперфутбол-2019" турнири өтөт. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда ат салышат.

2019-10-07 17:10:00

Финалдык ышкырык жаңырып оюн токтоду. Бул беттеште 4:1 эсеби менен "Көк бөрү" командасы жеңишти камсыздап турнирдин чемпиону аталышты. Билеги күчтүү балбандар ат үстүндө гана эмес жашыл талаа үстүндө да мыкты экенин өзүнүн көрсөткөн оюну менен далилдеп өтүштү.

2019-10-07 17:03:00

Кайрадан көк бөрүчүлөр атаандашынын дарбазасына гол киргизип эсеп санын 4:1 кылганга жетишти. Бул оюнда ким жеңүүчү болгону белгилүү болду окшойт.

2019-10-07 17:00:00

Оюндун бүтөөрүнө 10 мүнөттөй убакыт калды. Бул аралыкта журналисттер эсепте теңей алабы же жокпу айтуу кыйын.

2019-10-07 16:50:00

Дагы да болсо журналисттер гол киргизүү аракетинин  үстүндө. Аталган курама топту туш келди тебе бербестен бири-бирине берип атаандаштарын алдап кооз оюн көргөзүүдө.

2019-10-06 16:45:00

Стадионго толгон көпчүлүк күйөрмандар "Көк бөрү" командасын алдыга сүрөп алрдын кылган ар бир чабуулун кош колдоп жатканын көрүүгө болот. Мындай активдүү күйөрмандарынын шаабайын суутпай оюнчулар да мыкты оюн көргөзүшүүдө.

2019-10-06 16:40:00

Ышкырып жаңырып оюндун 2-бөлүгү башталды. Кайрадан көк бөрүчүлөр чабуулда. 

2019-10-06 16:30:00

Кайрадан гол. Айбек Раис уулу мыкты гол киргизип, оюндун 1-бөлүгүн 3:1 эсебинде жыйынтыктады.

2019-10-06 16:27:00

Көк бөрүчүлөрдүн дарбазасынын жанында кооптуу абал жаралып, бурчтан чыгарып берүү орун алды. Бирок журналисттердин оюну жүрүшпөй, гол кирген жок.

2019-10-06 16:18:00

Көк бөрүчү Майрамбек Рысбеков 2-голду киргизип, командасын алдыга чыгарды. Оюн өтө тез ыргакта өтүүдө. 2 команда тең көрүүчүлөргө бүйүр кызыткан оюн тартуулоодо.

2019-10-06 16:15:00

Көк бөрүчү "Достук" командасынын оюнчусу Руслан Султанов мыкты гол киргизип, эсеп санын теңей алды.

2019-10-06 16:11:00

Журналисттер чабуул уюштурууда гол киргизип, эсеп санын ачышты.

2019-10-06 16:09:00

Журналист Адилет Керимбеков алдыга умтулуп, мыкты чабуул баштады. Тилекке каршы, гол кирген жок.

2019-10-06 16:00:00

Финал: Кайрадан оюн талаасына курамалар  чыгып, финалдык оюнда 1-орун үчүн "Журналисттер" жана "Көк бөрүчүлөр" командасы ат салышып баштады. 2 команда тең активдүүлүгүн көрсөтүп, оюнду мыкты деңгээлде башташты.

2019-10-06 15:50:00

Оюн аягына чыкты. Ошентип турнирдин  3-орунун  "Шоу-бизнес" командасы алышты. Ал эми саясатчылардын татыктуу оюн көрсөткөнүн белгилей кетели.

2019-10-06 15:46:00

Урмат Усенов жаракат алып, оюн талаасынан чыкты. Ага жардам көрсөтүлүүдө.

2019-10-06 15:43:00

Саясатчылар биргелешкен чабуул уюштуруп, 1 гол киргизгенге жетишти. Эсеп саны 5:3.

2019-10-06 15:39:00

Каныбек Рысбаев "Шоу-бизнес" командасына дагы бир гол алып келип, эсепти 5:2 кылды. Айта кетсек, "Саясатчылар" командасынын оюнчуларынын көбү 30 жаштан өткөн оюнчулар. Ал эми "Шоу-бизнес"  командасында дээрлик жаштар оюн көрсөтүшүүдө.

2019-10-06 15:37:00

Улан Барпиев өзүнүн 2-голун киргизип, эсепти 4:2 кылганга жетишти.

2019-10-06 15:35:00

"Шоу-бизнес" командасынын дарбазачысы мыкты оюн көрсөтүп жатканын белгилеп кетсек болот. Аңгыча эле Мирбек Масалиев гол киргизип команданы алдыга чыгарды.

2019-10-06 15:31:00

Мирбек Асаналиев гол киргизип командасын алдыга чыгарды. Эсеп 3:2.

2019-10-06 15:28:00

Оюн бир темпте уланууда. Шоу-бизнес өкүлдөрү чабуул баштап, атаандашынын дарбазасына жакындашты. Чабуул аягына чыгып, Арсен гол киргизди. Эсеп 2:2.

2019-10-06 15:20:00

Оюндун 2-бөлүгү башталды. 

2019-10-06 15:16:00

Оюндун биринчи бөлүгү аягына чыкты. Эсеп 1:1.

2019-10-06 15:11:00

"Шоу-бизнес" командасынын өкүлү Канат Деркембаев сокку узатты эле топ таамай болгон жок. Саясатчылар чабуул уюштуруп, алдыга умтулууда.

2019-10-06 15:06:00

Улан Барпиев дарбазачы менен жекеме-жеке чыгып эсеп санын теңей алды. Эсеп 1:1.

2019-10-06 15:03:00

Ырчы Арсен чабуулду аягына чыгарып дарбазага сокку узатты эле, топ таамай болгон жок.

2019-10-06 14:59:00

Оюн бир ыргакта уланууда. Саясатчылар да шоу-бизнес өкүлдөрү да кезек менен чабуул уюштуруп жатышат.

2019-10-06 14:50:00

3-орунга болгон оюнда шоу-бизнес өкүлдөрү менен саясатчылар кез келүүдө. Саясатчылар чабуул баштап аны гол менен аякташты.

2019-10-06 14:30:00

Ышкырык жаңырып, көк бөрүчүлөр жеңишке жетишти. Эсеп 1:0.

2019-10-06 14:24:00

Оюнчуларды колдоп келген ырчы Адилет Азимов: "Оюн жакшы уюшкандыкта өтүп жатат. Албетте, мен шоу-бизнес өкүлдөрүнө күйөрмандык кылуудамын. Өзүм дагы футболго кызыгам. Келечекте өнөр адамдарынан түзүлгөн жаңы футбол командасын түзсөм деген оюм бар".

2019-10-06 14:20:00

Оюн аягына чыгарына саналуу мүнөттөр калды. Көк бөрүчүлөр дагы да болсо алдыда.

2019-10-06 14:08:00

Көк бөрүчүлөр чабуул уюштуруп, атаандашынын дарбазасында коопту абал жарата алышты. Бирок чабуул максатына жеткен жок.

2019-10-06 14:06:00

Улан Барпиевдин дарбазаны көздөй узатылган соккусу таамай болгон жок.

2019-10-06 14:02:00

"Шоу-бизнес" командасынын дарбазачысы командасын 1 голдон сактап калды. Ал ага узатылган топту талаанын сыртына чыгара тепти.

2019-10-06 13:58:00

Оюндун 2-бөлүгү башталды. Дароо эле "Шоу-бизнес" командасынын өкүлү жаракат алды. Дарыгер биринчи жардам көрсөтүп ал оюнду улантты.

2019-10-06 13:50:00

Биринчи бөлүк аягына чыкты. Көк бөрүчүлөр алдыда.

2019-10-06 13:45:00

Көк бөрүчүлөр чабуулдун үстүнөн чабуул өткөрүп мыкты оюн көрсөтүүдө.

2019-10-06 13:38:00

Оюн башталганга чейин көпчүлүк көрүүчулөр өнөр ээлери бул оюндун фаворити болот деген ойдо болушкан. Бирок улакчылар "Шоу-бизнес"  командасынын таш талканын чыгарып жатат.

2019-10-06 13:31:00

Көк бөрүчүлөр бурчтан чыгарып берүүнү аткарышты. Бирок чабуул аягына чыккан жок.

2019-10-06 13:21:00

Ат үстүндө мыкты оюн көрсөткөн балбандар оюн талаасында да азыркы тапта өзүнүн өнөрүн көрсөтүп жаткан учуру.

2019-10-06 13:20:00

Экинчи оюн старт алды. Анда көк бөрүчүлөр менен шоу-бизнес өкүлдөрү күч сынашкмакчы.

2019-10-06 13:18:00

Экинчи бөлүктүн аягына чыгаарына аз калды. Көк бөрүчүлөр дагы да болсо алдыда келе жатышат. 

2019-10-06 13:05:00

Оюн жайлап калды. Саясатчылар да журналисттер да чарчап калгандыгы байкалууда. Ышкырык жаңырып, оюн аягына чыкты. Журналисттер 7:4 эсебинде жеңишке жетти. Алар эми биринчи орун үчүн финалда күч сынашат.

2019-10-06 12:56:00

Аттиң, журналисттердин дарбазачысы Нурсултан Асаналиев  өзүнүн дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын 5:4 кылды.

2019-10-06 12:52:00

Абировдун голуна журналисттер кайрадан 1 гол менен жооп кайтарды. Эсеп саны 5:3.

2019-10-06 12:48:00

Жаныбек Абиров кайрадан өзгөчөлөнүп өзүнүн 3-голун жарата алды. Саясатчылар командасынын эң жашы болгон Абиров команданын үмүтүн актап жаткандай.

2019-10-06 12:43:00

Оюндун биринчи бөлүгүндө 2 гол киргизип, саясатчыларды алдыга сүйрөгөн Жаныбек Абиров оюн тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Голду чоң аракет менен киргиздик. Өзүңүздөр көргөндөй, журналисттер командасы жалаң эле жаш балдардан түзүлүптүр. Биздин командада эң улуусу 58 жашта, ал эми мен 30 жаштамын. Командабызда көпчүлүгү эле 40 жаштан ашып калган байкелер. Алар бүт баары чуркап, аракет кылып жатышат. Албетте, бул жакшы көрүнүш, сергек жашоонун далили. ЖМК өкүлдөрү бүт баары жаш болгондуктанбы, алдыда келе жатышат. Бирок азыр экинчи таймда азыркыдан дагы күчтүү аракет кылабыз. Биз ынтымакка келтирген, жакшы оюн көрсөтөбүз деп келгенбиз. Буюрса,мыкты оюн көрсөтөбүз жана утканга аракет кылабыз", - дейт Абиров.

2019-10-06 12:39:00

Ышкырык жаңырып оюндун 2-бөлүгү башталды. 

2019-10-06 12:29:00

Оюндун биринчи бөлүгү аягына чыкты. Эсеп 4:2. Журналисттер алдыда 

2019-10-06 12:26:00

Саясатчылар чарчап калган өңдүү көрүнөт. Оюн жайлап калды.

2019-10-06 12:18:00

Журналисттер өзүнүн 3-голун киргизип, алдыга оозуп чыгышты.

2019-10-06 12:16:00

Журналисттер стандарттык абалдан пайдаланып, эсеп санын теңегенге жетишти.

2019-10-06 12:14:00

Жаныбек Абиров өзүнүн 2-голун киргизди. Саясатчылар алдыда. Эсеп 2:1.

2019-10-06 12:11:00

Журналисттер чабуулдун артынан чабуул жаратып, өзүлөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүп жатышат. Саясатчылар жайбаракат, бирок салмактуу оюн көрсөтүшүүдө.

2019-10-06 12:06:00

Көп өтпөй саясатчылар чабуул баштап Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров кооз гол киргизди.

2019-10-06 12:06:00

Ышкырык жаңырып, оюн аягына чыкты. Эсеп саны 7:4 . Журналисттер финалда.

2019-10-06 12:03:00

Журналисттер чабуул баштап, өзүлөрүнүн алгачкы голун киргизишти. Голдун автору Максат Надыралиев  

2019-10-06 11:58:00

Саясатчылар чабуулду баштап, мыкты оюн башташты. Ал эми журналисттер атаандашынын оюн талаасына жете элек.

2019-10-06 11:57:00

Ышкырык жаңырып, оюн башталды.

2019-10-06 11:53:00

Бир аздан соң саясатчылар менен журналисттердин оюну башталат. Демейде курч сындарды айткан журналисттер бул ирет саясатчыларды ута алышабы же жокпу? Аны оюндун жүрүшү көрсөтөт.

2019-10-06 11:43:00

Ырчы Айыма өзүнүн "Сүрөөн" аттуу ырын тартууласа, "Жылаңач баатыр" долбоорунда жеңүүчу аталган ырчы Марс өзүнүн "Аида" ырын тартуулады.

2019-10-06 11:40:00

 Чүчү кулак ташталып, командалар жуптарга бөлүндү.

1-оюнда "Журналисттер" курамасы - "Саясатчылар" курамасы менен кез келсе, 2-оюнда "Шоу-бизнес" курамасы  "Көк бөрүчүлөр" командасы менен ойнойт.

2019-10-06 11:32:00

Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматовго сөз берилип, ал оюнчуларга ийгилик каалап ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал өз сөзүндө, бул иш-чара улуттук курама команданын духун көтөрүп, ийгиликке умтулууга өтө чоң түрткү болорун белгилеп кетти.

2019-10-06 11:16:00

Улуттук курама командабыздын оюнчулары Азамат Байматов жана Эдгар Бернхардт Супер Кубокту оюн талаасына алып чыгышты. Ошондой эле оюн талаасына бүгүн мыкты оюн көрсөтө турчу командалар бирден чыгышууда.

2019-10-06 11:01:00

Катышуучулар оюн талаасына чыгып, даярдыктарды көрүшүүдө. Бир канча көз ирмемдерден кийин оюндун расмий бөлүгү башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан