Ош шаарында "Ак-Ниет" сейил багы ачылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы "Ак-Ниет" сейил багынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бардыгыңыздарды үч миң жылдык тарыхы бай маданияты жана өзгөчө чөйрөсү бар Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Ош шаары – республикалык маанидеги шаарлардын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда туруп, экинчи борбор калаа катары эсептелинет. Шаар географиялык жана стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан. Акыркы мезгилде шаарда заводдор жана фабрикалар башка өндүрүштүк объекттер курулуп жатат. Бул кубандырарлык факт. Оштун көрүнүшү да өзгөрүүдө, жаңы кооз имараттар жана сейил багы ачылууда. Ош аэропорту инфраструктурасын жакшыртты. Шаар өзүнүн тургундары үчүн идеалдуу болуп, анда ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек: бала бакча, мектеп, эс алуу сейил багынын саны көп болушу абзел. Оштун гүлдөп-өсүүсү, бай тарыхы шаардын экономикасынын кубаттуулугу жана өнүгүүсү мамлекет үчүн маанилүү", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал жаңы сейил багы Ош шаарынын жашоочулары жана меймандары үчүн жакшы көргөн жайга айланарына ишеним билдирди.

Премьер-министр ошондой эле өккмөттүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасынын алкагында планга Ош шаарынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар киргизилгенин белгиледи. Аларды ишке ашыруу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tavanova.sarah
2019-10-06 11:27:59
Кайсы адресте экен?
0
shankol88
2019-10-06 12:28:51
tavanova.sarah,Т.Кулатов кичи район,
Мурдакы Западныйда жайгашкан
0
kairhai
2019-10-06 11:58:54
Сейил бактын сүрөттөрүн чыгарып койсоңор жакшы болмок экен, чоңдорду көрсөтө бербей
+11
ainur78007
2019-10-06 12:21:38
kairhai,ошону айтсан,суроттордон сейил бактын ачылышы эмес эле,Абылгазиевтин ачылышы болгондой
+15
shankol88
2019-10-06 12:32:27
Жегичтерди тартпай сейил бакты тарпапсыңарда...буларды күнлө көрөберип тажадык гоо...
+7
Nur777
2019-10-06 16:14:25
Кайсы курулуп жаткан завод,фабрикаларды айтып жатат? Частный мини-цех,мини-заводторлу айтып атабы?)))
-1
raykray
2019-10-06 20:20:38
Кана парктын суроттору ?
+2
Krai
2019-10-06 21:50:48
Паркты ачканынар жакшы эми
чооон экран коюп порно коюп койбосонор болду адатынарча
0
akmanai
2019-10-07 00:52:14
Бир жакшы соз жок( Жаманды сындаганды билген сон жакшыны да мактай бтлиш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан