Бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштуруп жаткан "Суперфутбол-2019" турнири өтөт. Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда ат салышат.
"Саясат" командасынын оюнчусу, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев эң негизги максат жеңиш эмес экенин айтты. "Спортту даңазалоо максатында бүгүн футбол ойнойбуз. Бул оюндан кийин ынтымак пайда болот деп ишенем. Эң негизги максат жеңиш эмес. Максатыбыз достукту чыңдоо", - дейт Маматалиев.